Спортчу Виктория Полюдина "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алган 12-спортчу болду

Кыргыз спортчусу, жеңил атлет Виктория Полюдина "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алды. Бул тууралуу КРнын Жеңил атлетика федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спортчу 8-майда Чехияда өткөн марафонго катышкан. Мелдеште 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 45 мүнөттө чуркап өткөн спортчулар Олимпиада оюндарынын нормативин толтуруп, жолдомо алышмак. Виктория бул аралыкты 2 саат 40 мүнөт жана 36 секундада артта калтырган. Жалпы калың топто ал 10-орунду багындырды.

Айта кетсек, бул жолдомону эсепке алганда, кыргыз спортчулары Олимпиадага 12 жолдомо камсыздашты. Буга чейин жеңил атлетчилер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча улуттук курам Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
travma
2016-05-10 13:09:56
Эн жакшы корсоткуч 12 Адам Кыргызстан учун эми силерге ийгилик 35 жылдан ашып кетти Кыргыз Олимпия да алтын медалын ала элек
+2
vrach
2016-05-10 18:29:05
travma, Кыргыз олимпиадада алтын алган! Кыргызстан олимпиадада алтын ала элек.
0
tashi62
2016-05-10 13:24:16
Дагы кайсы түрлөрү калды спорттун жолдомо үчүн?
+1
mamashov-emil
2016-05-11 17:02:08
tashi62, dagy dziudo turu boiuncha sportvhularybyz joldomo alyshat buiursa
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан