Эртең борбор калаада жарандык коомдун өкүлдөрү тынчтык митингине чыгышат

Эртең, 11-майда жарандык коомдун өкүлдөрү борбор калаада тынчтык митингине чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда жарандык коомдун өкүлдөрү билдиришти.

"Биз, жарандык коомдун өкүлдөрү, Жогорку Кеңеште даярдалып жаткан мыйзам долбооруна каршыбыз. Мындай кадамды жарандык коомдун өкүлдөрүнө каршы чабуул деп билебиз. Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзам долбоорун жактырып, кол койсо, анда 12-майдан баштап мыйзам күчүнө кирет. Ошондуктан биз эртең бул кадамдарга каршы тынчтык митингин өткөрөбүз", -дешет жарандык коомдун өкүлдөрү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов чет элдик агенттиктердин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча мыйзам долбоорун кароону сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан