Лунара Мамытованын ордуна келген жаңы депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңеште ант берди

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов ант берди. Мыйзамга ылайык, депутат парламентте ант берген соң, ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришет.

Айта кетсек, Ормонов "Бир бол" партиясынын БШКга берген тизмеси боюнча Лунара Мамытованын ордуна депутат болуп келди. 6-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Ормоновго депутаттык мандатты тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан