Райимберди Дүйшөнбиев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы кызматына дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ошондой эле мамлекет башчы тийиштүү жарлыгы менен Жаныбек Капаровду Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы кызматынан бошотту.
Айта кетсек, Дүйшөнбиев Райимберди Сейдакматович 1974-жылдын 11-декабрында туулган. 2014-жылдан тартып Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы кызматын аркалап келген.