Өлкөдөгү мектептер 5 күндүк жумуш аптасына өтүш керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев сунуштады.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеш жана башка мамлекеттик мекемелер бир аптада 5 күн иштешет. "Мектеп окуучулары бир аптада 6 күн окушат. Башка өнүккөн өлкөлөрдө мектептерде окуучулар 5 күн окушат. Бизде окуу жайлар Совет Союзунун убагынан калган эски мамлекеттик стандарт менен иштеп жатат. Мисалы, Казакстанда жаңы мамлекеттик стандарттар кабыл алынып, мектептер 5 күндүк жумуш аптасына өтүшкөн. Биз дагы билим берүү тармагында тийиштүү реформа жүргүзүшүбүз керек. Себеби бир аптада 6 күн окуу туура эмес. Мен тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап жатам. Билим берүү тармагы бул маселеге көңүл бурушу керек", - деди Бекешев.