"Үңкүр-Тоо боюнча дагы деле жооп жок" дейт нааразы болгон депутат

"Үңкүр-Тоо маселеси боюнча прокуратурадан дагы деле жооп жок", - деп бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Түмөнбаева нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп, 20-апрелде жыйынтык чыгарышы керек эле. "Май айынын ортосу болуп жатат, Үңкүр-Тоо боюнча дагы деле маалымат жок. Жабык отурумда талкуулашкан экен. Өкмөт буга көңүл буруп койсун", - деп тапшырды Түмөнбаева.

Айта кетсек, марттын аягында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети тарабынан Башкы прокуратурага төмөнкү тапшырмалар сунушталган:

  • Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрбөстөн, азыркы турган ордунда калтыруу жана станциянын ишин күчөтүү.
  • Бул боюнча өлкө жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  • Башкы прокуратурага премьер-министр өткөргөн кеңешменин 2015-жылдын 11-ноябрындагы
    №18-177-протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана юридикалык баа берүү.
  • Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине аталган маселелер боюнча толук маалыматтарды 2016-жылдын 20-апрелине чейин жөнөтүүсү зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан