Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору парламентте кайчы пикирди жаратты

Жогорку Кеңештин 12-майдагы жыйынында өлкөнүн аймагында чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган долбоорунан кыйла айырмаланып турат. "Мыйзам долбоору аркылуу «эл аралык коммерциялык эмес уюм» деген түшүнүк чечмеленип берилет. Мындан тышкары чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар ачык-айкын иш жүргүзүп, өз отчётун ар жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө Юстиция министрлигинин сайтында жарыялап турууга тийиш", - деди Скрипкина.

Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар өз кесиптештерин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышты. Алардын пикиринде, коммерциялык уюмдардын жалпы коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Мындай мыйзам өлкөдө күчтүү жарандык коомдун жана ачык коомдун түзүлүшүнө, өлкөдө демократия салттарынын калыптанышына, эл аралык байланыштардын өнүгүшүнө жолтоо болот.

Башка айрым депутаттар өлкөдөгү коммерциялык эмес уюмдарга кысым жасалбаганын, алар болгону өз каржысы тууралуу отчёт берип турганы өздөрү үчүн деле пайдалуу болорун белгилешип, мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришти.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эгер парламент аны кабыл алса, мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан