"Музтөрдүн" жүрөк жылыткан салымы

Аң-Өстөн айылынын 14 тургуну биригип, "Музтөр" аттуу коомдук фонд түзүп алышкан. Ал айыл Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда. Алар, улуусу-кичүүсү кеңешип, айлык акыларынан үч айда бир жолу 5000 сомдон ортого салып турушат. Өздөрү тамашалап айткандай, олигарх деле болуп кетишкен жери жок, болгону айылдык патриоттор. Жердештери да көнүп алышкан. Айрым долбоорлорго өздүк салым кошуу, көйгөйлөрдү чечүү маселелери көтөрүлсө эле "Музтөргө" кайрылышат.

Фонддун мүчөлөрү алты жылдан бери Жаңы жыл майрамынын алдында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, жарым-жартылай жетим балдарга белек даярдашат. Өткөн жылы мындай белекке 27 бөбөк ээ болгон. 4-класстын окуучусу Азат Медербеков боорукер "Аяз байкелердин" белегин чыдамсыздык менен күтөрүн айтат. 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүндө да бул жигиттер бөбөктөргө майрам уюштурууну эстеринен чыгарышпайт. 14 эр-азамат "Кумтөр" ишканасынын түркүн тармактарында эмгектенет.

2013-жылы айылга мечит салынган. Ага 85 миң сомдук кошумчасын аталган фонд кошту. Мындан сырткары Маданият үйүн, жаңы курулган ФАПты, мектептеги усулдук классты жасалгалоого орчундуу каражат бөлүп беришкен. Ыраазы болгон айылдаштары "алтын тамгалар" менен азаматтардын атын жазып мектепке илип коюшуптур.

Айылындагы ар бир көйгөйгө жан дили менен күйгөндөрдүн бири - Эрлан Түгөлбаев. Ыраматылык атасы Карыбай да алтын кенде 14 жыл иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Эрлан ишканага жумушка орношконго чейин айыл башчы болуп иштеген, учурда айылдык кеңештин депутаты. Ошондуктан айылындагы "чийки" жерлерди, жардамга муктаж элди жатка билет. Анын демилгеси менен Маданият үйүнүн курулушу ишке ашып, 1936-жылы курулган эски мектептин имаратынын чатыры алмаштырылган.

"Өлкөбүздөгү ишкана-мекемелерде да иштин ырааттуулугу "Кумтөрдөгүдөй" болсо Кыргыз Республикасынын экономикасы бир топ эле жакшырмак. Биздин ишканада тартип бар, ар бир жумушчу өзүнө тиешелүү ишти майын чыгара аткарат. Түштөнүү, эс алуу убактысы убак-убагы менен. Ал эми мамлекеттик мекемелерге жумуштап барсаң, керектүү кызматкерлерди жумуш ордунан табыш кыйын. Тийди-качты иштешет. Акча табуу оңой эмес, "кумтөрлүктөр" десе эле жеңил акчанын астында калгандай сезишет. Чынында, ал жакта иштөө оор, алган айлыгыбыз - тынымсыз эмгектин, накта маңдай тердин акыбети. Биз тапканыбызды өз тиричилигибизге эле жумшабай, айылыбызды өнүктүрүүгө да сарптайбыз", - дейт Э.Түгөлбаев.

Уулуу калдыктар, кырылып жаткан жандыктар, ишканадан тапкан майыптык тууралуу суроолорду узатсам, Эрлан менен кесиптеши Алманбет Малдыбаевдин реакциясы бир болду. "Бизге да мекен керек, мекенибизди акчага алмаштырып карап турмак белек? "Кумтөр" десе эле уусу менен суусу аралашып, уулуу заттар менен сугарып жаткандай көрүшөт. Ал жакта экология маселесине абдан олуттуу маани берилет. Калдыктар бардык эрежелер сакталып көмүлөт, биз ага күбөбүз", - деп кошучалады А.Малдыбаев. Ал "Музтөрдүн" эсеп-кысабын жүргүзөт экен.

Жети-Өгүз районундагы аң-өстөндүк бул жигиттерге айылдаштары гана эмес, мен дагы ыраазы болуп кайттым. Сапырылган миллиондорду уучтап жүрүшпөсө да, таза эмгек менен тапкан каражатына жасаган татыктуу иштери мактоого арзырлык экен. "Айылым - алтын турагым" деген сөздүн чыныгы өтөсү ушул эмеспи. Учурда "Кумтөрдө" иштеген патриоттор өздөрү түзгөн фонд аркылуу жазгы талаа жумуштарындагы дыйкан-фермерлерге көмөк көрсөтүшүүдө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_3
2016-05-12 15:32:24
Ак көңұл балдар бийликке келбейт да.
+4
asefsa
2016-05-12 16:25:43
Эмнеси болсо да, элим жерим деген азаматтар экен го, иштерине ийгилик!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан