Жогорку Кеңештин 12-майдагы жыйынында өлкөнүн аймагында чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам 3-окууда четке кагылды. Жыйынга катталган 111 депутаттын ичинен 46сы "макул", 65и "каршы" деген добуш берди.
Айта кетсек, депутат Галина Скрипкинанын айтымында, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган долбоорунан кыйла айырмаланып турат. "Мыйзам долбоору аркылуу «эл аралык коммерциялык эмес уюм» деген түшүнүк чечмеленип берилет. Мындан тышкары чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар ачык-айкын иш жүргүзүп, өз отчётун ар жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө Юстиция министрлигинин сайтында жарыялап турууга тийиш", - деген Скрипкина.
Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар өз кесиптештерин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан. Алардын пикиринде, коммерциялык уюмдардын жалпы коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Мындай мыйзам өлкөдө күчтүү жарандык коомдун жана ачык коомдун түзүлүшүнө, өлкөдө демократия салттарынын калыптанышына, эл аралык байланыштардын өнүгүшүнө жолтоо болот.
Башка айрым депутаттар өлкөдөгү коммерциялык эмес уюмдарга кысым жасалбаганын, алар болгону өз каржысы тууралуу отчёт берип турганы өздөрү үчүн деле пайдалуу болорун белгилешип, мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.