Бүгүн, 12-майда вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына кыргыз спортчуларын даярдай турган уюштуруу тобу менен жыйын өткөрдү. Анда грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөсү Жанарбек Кенжеевдин олимпиадалык жолдомодон кол жууганы тууралуу сөз болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.
Улуттук Олимпиада комитети вице-премьер-министрге кырдаал боюнча түшүндүрдү. "Спортчу 2016-жылдын 1-январынан тарта колдонууга тыюу салынган мельдоний препаратын колдонгону үчүн олимпиадалык жолдомодон кол жууду" деп жазылат маалыматта.