Алмазбек Атамбаев Ирандын министри менен авиакаттам кызматташтыгы жаатында пикир алышты
Президент Алмазбек Атамбаев 12-майда Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахундини кабыл алып, транспорт инфраструктурасы, энергетика жана авиакаттамдар жаатында кызматташууну талкуулады. Мамлекет башчы Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасы-Иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары ар кыл тармактарда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын тереңдешине мүмкүндүк берерине үмүт артарын билдирди.
Президенттик аппараттан кабарлагандай, ирандык министр Кытай-Кыргыз Республикасы-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жол курулуш долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.