Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын отурумунда билим берүү тармагындагы маселелер талкууланууда. Анын жүрүшүндө депутат Зиядин Жамалдинов баласына эне тилин үйрөтүш үчүн Бишкекте кыргыз тилинде окуткан мектепти таппай койгонун айтты. "Мага окшогон ата-энелер көп. Бишкекте кыргыз мектептер барбы? Кыргыз тилин өнүктүрөлү десек, кыргыз мектептеринин санын көбөйтүшүбүз керек да", - деп нааразы болду депутат.
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, Бишкекте жалпысынан 100 мектеп бар, алардын алтысы кыргыз тилинде окуткан мектептер. "Бүгүнкү күндө биз үч тилде окутуу программасын ишке ашырганы жатабыз. Былтыр ушул программаны 35 шаардык мектепте пилоттук долбоор катары иштетип көргөнбүз. Негизинен, мектептер кыргыз же орус тилдүү деп бөлүнбөй, үч тилде окуткан мектептер болуш керек", - деп жооп берди министр.