Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын 13-майдагы жыйынында "1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына жана КРнын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Анын жүрүшүндө фракция лидери Өмүрбек Текебаев коррупционерлер мунапыс аркылуу түрмөлөрдөн бошотулбаш керек деген пикирин айтты. "Өлкөбүздө жыл сайын мунапыс аркылуу ар кандай кылмышкерлер жана коррупционерлер мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгып жатышат. Мисалы, СИЗО-50дөн качып, адамдарды өлтүргөн кылмышкер Алтынбек Итибаев. 11 жылга камалган Нариман Түлеев 4 жыл эле отуруп, мунапыс аркылуу бошотулду. Бул маселеге көңүл бурушубуз керек. Коррупционерлер мунапыс аркылуу бошотулбаш керек", - деди Текебаев.
Айта кетсек, 7-майда Бишкек шаарынын мурунку мэри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев 4 жылдан кийин эркиндикке чыккан. Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөгөн.