"Эгер референдумда эл мага каршы добуш берсе, мен отставкага кетем", - деди бүгүн, 14-майда көп балалуу энелерди сыйлоо аземинде президент Алмазбек Атамбаев.
"Демократия - бул мыйзамдын диктатурасы. Эгер "Элдик парламенттин" "дерьмократтары" жаңы президентти шайлоого чейинки 1,5 жылдык мөөнөттү өтө узак деп санашса, алар үчүн мени президенттиктен кетирүүгө мыйзамдуу жол бар. Эгер "жалпы эл Атамбаевдин отставкасын каалап жатат" деп ойлосоңор, президент Атамбаевге ишеним боюнча референдум өткөргүлө. Мен сөз берем: силердин демилгеңерди колдойм. Эгер эл бул референдумда мага каршы добуш берсе, мен ошол күнү отставкага кетем. Референдумдун чечими башка мыйзамдардан жогору, Конституциянын нормаларынан да жогору. Кыргыз эли өзү чечсин", - деди Атамбаев.