Нурлан Мотуев 2 айга СИЗОго отургузулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди 14-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Айта кетсек, Н.Мотуев "согуштук аракеттерге үндөгөн" деген шек менен кармалган "Элдик парламенттин" өкүлдөрүнүн 12-май күнү болгон жолугушуусунда кыргыз жарандарын Сирияга барып согушууга үндөп, тыюу салынган террордук топтун мүчөлөрүндөй жашоого чакырыктарды жасаган.