КҮНСЕРЕП: Бишкек шаардык милициясы пианинону "камакка алды"

Бүгүн, 16-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Укук коргоочулар Ак үйдүн алдында президент Алмазбек Атамбаевдин сынына нааразычылык билдирип митинг өткөрүштү. Акцияга 30га жакын укук коргоочу катышып, президентти сотко берерин билдиришти. Алар "Мониторинг жасоо, байкоо жүргүзүү кылмышпы?" деп жазылган плакаттар менен турушту. 14-май күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Баатыр энелерди куттуктоо аземинде өлкө башчысы сөз сүйлөп, "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүн, оппозициялык күчтөрдүн, укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын аракеттерин сындаган эле. Ал "Элдик парламент" бирикмесин, алар өткөргөн форумга катышкан укук коргоочуларды "дерьмократтар" деп атап, "Эгер бүткүл эл президенттин отставкасын каалап жатат деп ойлосоңор, президент Атамбаевге ишеним боюнча референдум демилгелеп чыксаңар болот. Эл Атамбаев кетсин деп добуш берсе, мен кетем" деген.

"Элдик парламент" бирикмесинин өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов УКМК тарабынан кармалып, "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери боюнча кылмыш ишинин негизинде 2 айга тергөө абагына камалган. "Элдик парламент" ким да, президент ким? Ушундай жагымдуу майрам учурунда кайдагы бир Талгарбековдордун атын бирден атап, кайрылып, алардын деңгээлине түшүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Камакка алынгандар тууралуу маалымат берүү, аларга карата эскертүүлөрдү берүү дагы шаардык милициянын же бир мекеме башчысынын деңгээлиндеги иш" деп президенттик маалымат кызматты сындагандар да болду.

Быйыл президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 7 жана андан көп баланы багып тарбиялаган 1902 эне Баатыр эне ордени, 6 баланы өстүрүп жаткан 437 эне Эне даңкы медалы менен сыйланды.

Кыргыз жеринде энелерге мамлекеттик деңгээлде ыраазычылык билдирүү, бул күндү атайын майрам катары белгилөө 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен башталган. Дүйнө жүзүндө кеңири белгиленүүчү мындай майрамды Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик майрам катары дем алыш күндөрүнүн катарына киргизүүнү демилгелеп жатат. Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда.

Бир нече жыл бою аракет кылып жүрүп Нурлан Мотуев акыры күч түзүмдөрүнүн көңүлүн өзүнө бурду. 12-май күнү "Элдик парламент" өткөргөн форумга келген ал элди Сирияга барып согушка катышууга, террордук топтун мүчөлөрүндөй жашоого үндөгөн. Мотуев ИГИЛдин тарапташы экендигин 2016-жылдын мартында Аксыдагы чек ара чатагына байланыштуу Ак үйдүн алдында өткөн митингде да айтып чыккан эле. Жарыя, кайрылуулары менен коомчулукту көбүрөөк ойго эмес, күлкүгө бөлөгөн ал УКМК тарабынан "жарандарды согуштук аракеттерге үндөгөн" деген шек менен кармалып, тергөө бүткүчө 2 айга камакка алынды. Ошентип, Нурлан Мотуев акыры максатына жетти. Ал өзүнө "бийликтин кысымына алынды" макамын кантип жармаштыруунун эбин таппай жүргөн сыяктуу.

Бишкек шаардык милициясы пианинону "камакка алды"... Тактап айтканда, шаардыктарга белек катары көчөгө орнотулган пианинону милиция алып кетти. Бишкек ШИИББине бүгүн шектүү буюм тууралуу маалымат түшүп, пианинону сапёрлер текшерүүгө алууга үлгүрүшкөн. Сапёрлор бул буюмга мина орнотулган же орнотулбаганын тактай алышпай койгон өңдүү, текшерүүдөн кийин пианинону Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишкен. Музыкалык аспапты шаардыктардын көңүлүн өстүрүү, музыкага, маданиятка кызыгуусун арттыруу максатында көчөгө "Ата Мекен" партиясынын жаштар канаты жума күнү орнотуп, шаардыктардын ачык асман алдында пайдалануусуна тартуулаганы белгилүү болду. Мындайды мурун Бишкектен көрбөгөн милиция кызматы учурда пианинонун тагдырын чече албай, ойлонуп турат. Дүйнөнүн көптөгөн ири шаарларында ачык асман алдына орнотулган пианинолор кадимки көрүнүш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан