Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 16-майда транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаровго Балыкчы-Корумду жолунун 35 чакырымынын курулушун сентябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын берди. Аталган трассанын жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Курулушун тезинен бүтүрүү керек болгон 35 чакырымы: Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарындагы ипподромго чейинки жол. Жолдун курулушуна жалпы 2,6 миллиард сом каралса, 100 миллион сому бүгүнкү күндө бөлүнгөнүн өкмөттөн билдиришти. Дагы 500 миллион сом бөлүүнү бүгүн парламенттин тийиштүү комитети жактырды. Сооронбай Жээнбеков аталган жол каржы булактары такталбай туруп башталып кеткенин айтып: "Акчанын жоктугуна байланыштуу жолдун курулушун токтотуп деле койсок болмок, бирок жоопкерчиликти алып жолдун курулушун бүтүрүшүбүз керек", - деп билдирди.