Өлкөдө 21 кардарга 17 миллион сом суммасында ипотекалык насыя берилди

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети өкмөттүн “Арзан турак жай-2015-2020” программасын ишке ашыруу алкагында “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” толук иштеши үчүн акча каражаты менен камсыздоо сунушуна макулдук берди.

Каржы министри Адылбек Касымалиев “Арзан турак жай-2015-2020” программасын ишке ашырууга 3 миллиард 700 миллион сом тартыларын билдирди. Анын айтымында, ар биринин 5 жылдык мөөнөт менен наркы 1000 сомдук мамлекеттик казыналык облигациялар чыгарылып, ал "Мамлекеттик ипотекалык компанияга" 10 жылдык мөөнөткө ссуда катары берилет. 3,7 миллиард сом каражат 2500 кардардын турак жай алуусуна насыя катары берүүгө жетери айтылды.

Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күнгө карата 21 кардарга 17 миллион сом суммасында жеңилдетилген насыя берген. Насыя алгандар 185 кардардын ичинен тандалып алынганы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан