Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун башчысына туристтик сезонго карата тапшырмаларды берди

Президент Алмазбек Атамбаев 16-майда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаевди кабыл алып, облустун экономикалык өнүгүшү, туризм тармагына инвестиция тартуу иштери жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Өлкө жетекчиси туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү жана жыл сайын саны өсүп бараткан туристтер, ири масштабдагы спорттук иш-чарага: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турган коноктор жана катышуучулар үчүн зарыл шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Ысык-Көл облусунун эл аралык басылмаларда ырасталып жаткан туристтик мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан