Парламенттин Бюджет жана финансы комитети өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын жогорку чегин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды.
Өкмөттүн билдиришинче, иштеп жаткан мыйзамдын талабына ылайык, кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карыздарынын жогорку чеги өлкөнүн ички дүң продукциясынын 60 пайызынан ашпашы керек. Учурда мамлекеттик карыздын көлөмү 3 миллиард 805 миллион долларды (288 миллиард 803 миллион сом) түздү же ички дүң продукцияга карата 68,2 пайызды көрсөтүүдө. Ошондуктан кирешенин төмөнкү деңгээлиндеги өлкөлөр үчүн карыздын туруктуулук деңгээлин баалоонун эл аралык көрсөткүчүн колдонуу сунушталып жатканы айтылды.
"60 пайыздык чек киргизилгенге чейин мамлекеттик карыздын деңгээли жогору болгон учурлар байкалган. 2000-жылы карыздын чеги ички дүң продукцияга карата 130 пайызды түзгөн. Азыр мамлекеттик тышкы карызды тейлөө өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылууда. Мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн республикалык бюджеттин кирешесинин 10 пайызы жумшалат", - дешти демилгечилер.