Адыл Сапаров Жумгалдын акими болуп дайындалды

Адыл Сапаров Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 17-майда өкмөттөн кабарлашты.

Эскерте кетсек, өткөн аптада акимдик кызматка Адыл Сапаров, Орозбек Жунусалиев жана Бакыт Жээналиев ат салышып, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен Сапаров акимдикке шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан