Өлкөдө уюлдук байланыш үчүн коюлуп жаткан базалык станциялардын зыяны жоктугун билдирүүдө. Мамлекеттик байланыш агенттигинин билдиришинче, акыркы мезгилде мындай станцияларды орнотууга жергиликтүү тургундар каршы чыгышып, станциялардын ден соолукка зыяндуулугун айтып жатышат. Мекеме жарандарды тынчсызданбоого чакырууда. "Нурдануудан жарандардын саламаттыгына зыян келтирилбейт, байланыш операторлору станцияларын бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана стандарттарды сактоо менен орнотушат. Электрмагниттик толкундардын нурдануусунун коопсуздугу боюнча көзөмөлдөөчү органдар менен макулдашуулар болот", - деп айтылат маалыматта.
Мекеме жарандардын арасында станциялардын коопсуздугуна ишенбегендер болсо, ооруп калганда Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып оорусуна станциялардын таасири тийгенин же тийбегенин текшертип алса болорун кошумчалады.