Кыргыз мамлекетинде 10 ишкана киреше салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Өкмөттүн тийиштүү токтому 2016-жылдын 11-апрелинде чыкканын бүгүн, 17-майда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыктын эки түрүн төлөөдөн бошотулган ишканалар:
"Бишкек суу-канал" башкармалыгы;
"Ош суу-канал" ишканасы;
"Бишкек жылуулук энергия" ишканасы;
"Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасы;
"Түндүк электр" ишканасы;
"Чыгыш электр" ишканасы;
"Ош электр" ишканасы;
"Жалал-Абад суу-канал" башкармалыгы;
"Кыргыз турак жай коммуналдык союз" ишканасы.