Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукту талкуулап жатышат

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети Ысык-Көлдө көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйында “Ысык-Көлдүн экологиялык абалы” жана “Экологиялык коопсуздук” темалары талкууланып жатат. Депутаттар Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы саркынды сууларды тазалоочу жайлардын абалын көрүштү. ЖКнын маалымат кызматына таянсак, тазалоо жабдуулары акыркы жолу 1975-жылы алмаштырылган. Адистер саркынды суулар механикалык жол менен гана тазаланып жатканын, биологиялык тазалоо жүргүзүү үчүн каражат жок экенин айтышууда.

“Биз өкмөт өкүлдөрүнө да, жергиликтүү бийлик жетекчилерине да абалды тезинен оңдоо тапшырмасын бердик. Анткени Ысык-Көлдүн экологиялык абалы дал ушул саркынды суулардын тазалануу деңгээлине жараша болот”, - дейт депутат Алмасбек Акматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан