Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 14-апрелинде кабыл алган мыйзамдын максаты – “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” 1998-жылдын 23-июлунда кабыл алынган мыйзамдын нормаларын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайыкташтыруу.
Тагыраагы, “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” мыйзамдын 92-беренесинин 6-бөлүгүнө (актуардык ишмердик) актуардык ишмердикке коюлуучу талаптар өкмөт тарабынан белгилене турган болду.
Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.