Депутат: "Күнүгө айрым аймактарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп жатканынан эл тажады"

Күнүгө өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп жатканынан эл тажады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 17-майдагы жыйынында депутат Екметкул Байпакбаев билдирди.

"Жаңы инвестор пайда болгонуна мамлекет каршы чыгып жатат. Электр энергиясын таратуучу жеке компаниялардын пайда болгонуна биз ыраазы болушубуз керек. Анткени атаандаштыктын пайдасынан эл сапаттуу продукция алат. Бул жыйынга Энергохолдингдин жетекчилиги, "Түндүк электрдин" башкармалыгы толугу менен катышып жатканы алар жаңы атаандаштын пайда болушуна тынчсызданганын көрсөтөт. Эми электр энергиясын кимден алуу керектигин кардар өзү тандай алат", - деди депутат.

Айта кетсек, буга чейин депутат Кожобек Рыспаев "Түндүк электр" ишканасын "Электросила" жеке компаниясынын жерине көмөк чордон курганы жатканы үчүн сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан