Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Ош жана Баткен облустарында иш сапары менен жүрөт. Башкы штабдан 18-майда билдиришкендей, Дүйшөнбиев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түштүк-батыш аймагында дислокацияланган кошуундарынын, бөлүктөрүнүн күндөлүк ишинин уюштурулушу, алардын күжүрмөн даярдыгынын абалы менен таанышат.
Аталган кызматка жаңы дайындалган Дүйшөнбиевдин бул өлкө аймактарына жасаган биринчи иш сапары.