Шанхай Кызматташтык Уюмундагы мамлекеттердин чек ара жаатындагы кызматташтыгын күчөтүүгө багытталган келишим ратификацияланганы жатат. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 17-майда экинчи окууда жактырды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, бул келишим ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагында террорчулукка, сепаратисттик жана экстремисттик иштерге катыштыгы бар адамдарды табуу жана алардын өлкөгө кирүү каналдарын жабуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну мындан ары ишке ашырууну көздөйт. Муну менен мамлекеттик чек араны кайтарууда өз ара аракеттенүү, тараптардын чек арага жакын аймактарында коопсуздукту камсыздоо чаралары жанданмакчы.
Келишимди Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөрдүн баары ратификациялаганы айтылды.