Өлкөдө кылмыш жасаган адамдардын маалымат тизмесин түзүү демилгеленди

Парламентте “Бузууларды, терс жосундарды жана кылмыштарды жасаган жактардын мамлекеттик реестри жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталды. Сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Ирина Летованын айтымында, Ички иштер министрлигинин Маалымат борбору тарабынан кылмыш жасаган адамдардын маалымат тизмеси түзүлөт. "Тизмедеги адамдар жөнүндөгү маалыматтар иретке салынып, белгилүү бир мөөнөткө чейин сакталууга тийиш. Белгиленген мөөнөтү аяктаган соң архивге өткөрүлөт", - дейт Летова.

Мыйзам долбооруна ылайык, маалыматтан президент, спикер, Борбордук шайлоо комиссиясы, судьялар менен прокурорлор, тергөөчүлөр менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери пайдалана алышат. Соттолбогон адамдар иштей турган жумуш берүүчү жеке жана юридикалык жактар да өздөрүнө керектүү маалыматтарды суратып ала алышат. Жарандар өздөрү тууралуу маалымат алууга да укуктуу экени айтылды.

Маалыматка таянсак, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдар жөнүндө маалымат 40 жылга, анча оор эмес кылмыш жасаган адамдар жөнүндө маалымат 25 жылга, жосундар тууралуу маалыматтар 10 жылга, укук бузгандар тууралуу маалыматтар 1 жылга чейин сакталат. Маалымат тизмесин ишке ашырууга болжол менен 1,5 миллион сомдон ашуун каражат керектелмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан