Президент Алмазбек Атамбаев "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган мыйзамдын максаты - айыл өкмөт башчысынын орун басарын жана айыл башчыларын кызматка дайындоодогу мыйзамдык карама-каршылыктарды жоюу. Ага ылайык, сынактын жыйынтыгы менен айыл өкмөт башчысы тарабынан дайындалуучу айыл өкмөт башчысынын орун басары муниципалдык кызматкер болуп эсептелет.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.