Жогорку Кеңеште 18-майда мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүү жол-жоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. Маалыматка таянсак, азыркы иштеп жаткан мыйзамда маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар 30х70 катышында бөлүнүп, каражаттын 30 пайызы республикалык бюджетке, 70 пайызы ошол имараттардын өзүнө жумшалып келген. Өкмөт ал каражатты 50х50 катышында бөлүү сунушун киргизген эле. Жыйынтыгында тараптар ижара акысынын 70 пайызын мекеменин өзүндө калтырып, 30 пайызын республикалык бюджетке которуу чечимине келишти.
Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.