Кыргыз мамлекетинде тендер өткөрүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлөт. Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам мындан үч жыл мурда кабыл алынганына карабастан, ушул кезге чейин иштебей жатканын айтты. "Ошондуктан мыйзамга инвестиция тартуу жүрүмүн жеңилдетүүгө жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган түзөтүүлөр киргизилүүдө", - дейт министр.
Азыркы мыйзамдарга ылайык, эгер мамлекет өз демилгеси менен инвестициялык долбоорго тендер жарыяласа, 60 күндүн аралыгында жыйынтыгын чыгарып, тендердин жеңүүчүсүнө так жообун бериши керек. Бул мөөнөт 30 күнгө чейин кыскартылып жатканы айтылды. Ал эми тендерге келип түшкөн сунуштарды талдоо процесси 30 күндөн 15 күнгө чейин кыскарат.