Акча алмаштыруучу жайлардын жоопкерчилигин күчөтүү демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеңеште каржы уюмдарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилердин айтымында, долбоор мыйзам бузууга жол бергени үчүн жеке жана юридикалык жактардын, банктардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилик процедурасын оптималдаштырат. Мыйзам бузган жеке жактарга 2000 сомдон 100 000 сомго чейин, кызмат адамдарына 3000 сомдон 150 000 сомго чейин, юридикалык жактарга 250 000 сомго чейин административдик айып салуу чаралары сунушталууда.

Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө миңден ашуун акча алмаштыруучу жай иштесе, үчтөн бири гана лицензия алып мыйзамдуу иш жүргүзөт. Мыйзам бузган акча алмаштыруучу жайлар 2 миң сом айып төлөп кутулуп жатканы, ошондуктан алардын жоопкерчилигин жогорулатуу жагы каралып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан