Түркиянын Стамбул шаарында Кытайдын 98 жараны жасалма кыргыз паспорттору менен кармалганына байланыштуу КРнын Каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Жогорку Кеңешке чакырылды.
Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, кыргыз документтеринин сатылышы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда. "Бул окуя өлкөбүздүн аброюн эл аралык аренада түшүрүп жатат. Эгер мурда 1 же 2 жасалма паспорт менен кармоо фактысы катталса, бүгүнкү күндө ондогон паспорттор менен кармалышууда. Бул маселе боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Тайырбек Сарпашевди чакырышыбыз керек", - деди Шыкмаматов.
Айта кетсек, Түркиянын Стамбул шаарында жасалма кыргыз паспорттору менен Кытайдын 98 жараны кармалганы боюнча жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Аталган жарандар Сауд Арабиясына учууга аракеттенишкени белгилүү болду.
"Кытай Эл Республикасынын этникалык уйгурлары Стамбулга Үрүмчүдөн учуп келишкен. Алар Түштүк Кипрге алган билеттерин көрсөтүү менен көзөмөл-өткөрүү бекетинен транзиттик залга өтүшкөн. Ал жерден төрт адам Кыргыз Республикасынын жасалма паспортторун Кытайдын 98 жаранына беришкен.
Ар бир жаран паспорт үчүн 2,5 миң евро жана билет үчүн 300 доллардан төлөгөн. Жасалма паспорт менен кармалган жарандар Сауд Арабиясына учууга аракет кылышкан. Аларды полиция кызматкерлери кармап калышты. Тийиштүү иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен Кытайдын жарандары өз мекенине депортация болушмакчы", - деп айтылат маалыматта.