Ысык-Көлдүн жээгине курулуш курууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору демилгеленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
"Экологиялык коопсуздукту сактап калуу максатында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу өткөрүлдү. Мыйзам долбоору экологиялык кырсыктарга, табигый флоранын жана фаунанын жок болуусуна бөгөт коюу максатында демилгеленген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
"Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Максат Сабиров Ысык-Көлдүн жээгине капиталдык курулуш курууга тыюу салуу аралыгынын 100 метрлик чегинен улам бир топ сейил бак жана кумдуу жээктер үчүн жерлер сатылып кеткендигин, андан улам көл жээгиндеги жаратылыш фильтрлери болгон чычырканак сындуу бир топ өсүмдүктөр кыйылып, талкаланып жаткандыгын тизмектеди. Мындай пикирди улаган Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун Ихтиология жана гидробиология боюнча лаборатория башчысы Шайгүл Асылбаева Ысык-Көлдү табигый түрдө тазалоочу өсүмдүктөрдү, көлдүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган флора, фаунаны сактап калуу үчүн 300 метр да аздык кыларын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорун Максат Сабиров, Жыргалбек Турускулов, Акылбек Жамангулов, Мирлан Бакиров жана Улан Чолпонбаев демилгелеп чыккан.