Мирлан Жээнчороев: "Унааларды камсыздандыруу компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн өкмөт жооп берет"

"Унааларды камсыздандыруу компанияларына иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензияларды өкмөт берет. Мындан улам өкмөт аталган компаниялар үчүн жооп берет", - деди SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев.

"Камсыздандыруу компанияларынын ишмердүүлүгүн өкмөттүн Мамлекеттик каржы көзөмөл агенттиги көзөмөлдөйт. Ошол эле учурда өкмөт компанияларга лицензия бере алат, бирок лицензияларды кайра кайтарып алууга ыйгарым укугу жок. Лицензия соттун чечими менен гана алынат. Ошондуктан мамлекет камсыздандыруу компанияларынын ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлдөө үчүн камсыздандыруу процесстерин жана механизмдерди иштеп чыгышы керек", - деди Жээнчороев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан