Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Марат Аманкулов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы кызматына шайланды.
Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков жалпы депутаттардын атынан Марат Аманкуловду комитет жетекчилигине шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Айта кетсек, аталган комитеттин мурдагы төрагасы Иса Өмүркулов КСДП парламенттик фракциясынын лидерлигине шайланган.