Жогорку Кеңеште 18-майда "CASA-1000" долбооруна тийиштүү макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору 1-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөт өкүлдөрү “Датка” көмөк чордонунан Тажикстандын “Худжент” көмөк чордонуна чейин, андан ары Кабул (Ооганстан) шаары аркылуу өтүп Пешавардагы (Пакистан) өзгөртүүчү станциясына чейин электр линиясын куруу менен "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлганын белгилешти. Долбоорго ылайык, линия боюнча электр энергиясын экспорттоону Кыргыз Республикасы менен Тажикстанстанда электр энергиясы ашыкча, ал эми Пакистан менен Ооганстанда электр энергиясы тартыш болуучу жай мезгилинде гана (майдан тартып сентябрга чейин) ишке ашыруу пландалууда.
Экономика министри Арзыбек Кожошев "CASA-1000" долбоорун ишке ашырууда республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбай турганын, эл аралык каржы уюмдары тарабынан берилүүчү 233 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат жумшаларын билдирди. “CASA-1000" долбоору боюнча чет өлкөлөргө электр кубаты орто эсеп менен 9 центтен сатыла турганы, алдын ала эсептөө боюнча долбоор өзүн 15 жылда актоого тийиш экени айтылды.