Президент "Баткен эркин экономикалык аймагы жөнүндө" мыйзамга кол коюудан баш тартты

Президент Алмазбек Атамбаев "Баткен эркин экономикалык аймагы жөнүндө" мыйзамга кол коюудан баш тартты. Президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган мыйзам 18-майда парламент жыйынында каралды.

Каршы пикирде бардык эркин экономикалык аймактардын иштерин талдоонун натыйжаларын караганга жана аларды андан ары өнүктүрүүнүн так жолдорун иштеп чыкканга чейин "Баткен эркин экономикалык аймагы жөнүндө" мыйзамды колдонууга киргизүү максатка ылайыксыз деп белгиленген. Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешевдин айтымында, бул мыйзам долбоору Салык кодексинин аскер кызматкерлеринин жана кээ бир укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшү жана азык-түлүк паёгунун ордуна берилген компенсациялар түрүндөгү кирешелерине салык салынууга жол бербөө бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан