Оппозициялык "Элдик парламент" бирикмесинин мүчөсү Александр Гусев 2 айга камакка алынды. Маалыматты УКМК кабарлап, анын баш коргоо чарасы 18-майда аныкталганын билдирди. Гусев 16-майда "Элдик парламенттин” лидерлерине козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. УКМК анын үйүн тинтүү учурунда ал курал жана жардыргыч зат колдонорун айтып, соттун санкциясы бар текшерүүгө тоскоолдук кылганы үчүн кармалганы айтылды. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, учурда тергөө жүрүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин "Элдик парламенттин" лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов кармалган.