"Каракол шаарынын мэрин шайлоо таза өткөн жок" дейт Бакыт Төрөбаев

"Каракол шаарынын мэрин шайлоо таза өткөн жок", - деди бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев.

"Бул шайлоодо көзөмөлдөө болгон жок, бурмалоо аракеттери менен өткөрүлдү. Шек келбесин деп Жогорку Кеңешке шайлоону таза өткөрүп жатабыз. Президентибиз да "референдум аркылуу эл өзү добушун берсин" деп айтып жатат. Караколдо таза шайлоо болгон жок, ошондуктан Башкы прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү текшерүү жүргүзсүн. Жакында башка шаарларда да шайлоо өтөт. Кийин өкмөткө, Жогорку Кеңешке сөз тийбеш үчүн шайлоолорду таза өткөрүү зарыл", - деди Төрөбаев.

Айта кетсек, Каракол шаарынын мэрин шайлоо 13-майда өткөн. Ал эми Ош шаарынын мэрин шайлоо 25-майда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан