Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплекси ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучунда. Бул тууралуу парламенттин 19-майдагы жыйынында депутат Салайдин Айдаров билдирип, тоонун айланасында мыйзамсыз курулуштар уланып жатканын айтты.
"2009-жылы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Комплекстин аймагында мыйзам бузуулар уланып, айрымдары боюнча сот иштери жүрүп жатат. Тоонун аймагына курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганына карабай мыйзамсыз иштер болууда. Буга көңүл бурулбаса, комплекс ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучунда", - деди депутат.