Кыргыз мамлекетинде анемия дартынын деңгээли өтө жогору. Муну парламенттин 19-майдагы жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев билдирип, статистикалык маалыматтарды мисал келтирди. Анын айтымында, акыркы маалыматтарга ылайык, 6 жашка чейинки балдардын 43 пайызында, төрөй турган курактагы аялдардын 50 пайызынан ашыгында темирдин жетишсиздиги байкалган. Мындай көрүнүш кийинки муун үчүн кооптуу жагдай.
"Организмдеги темирдин жетишсиздиги негизинен нан аркылуу толукталат. Жогорку Кеңеш ун азыктарын темир менен байытууга байланыштуу мыйзамды кабыл алып бергенине бир жылдан ашты, бирок ал мыйзам ушул кезге чейин иштей элек. Өкмөт мыйзамды иштетүү механизмдерин иштеп чыгышы керек эле. Биз бул маселени көзөмөлгө албасак болбойт. Келечек муундун тагдырын ойлошубуз керек", - дейт депутат.
"Нан унун байытуу жөнүндө" мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынып, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын март айында кол койгон. Жогорку жана 1-сорттогу ундарды сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытууга ири ун комбинаттары милдеттендирилген эле.