Данияр Аттокуров: "Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууну тазалоого кошумча 15 миллион сом талап кылынууда"

Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларындагы саркынды сууларды тазалоо жайларынын абалы абдан начар. Маалыматты депутат Данияр Аттокуров Жогорку Кеңештин 19-майдагы жыйынында билдирди.

“Ысык-Көлдө туристтик сезон башталганы турат. Шаарлардын да, эс алуу жайларынын да тазалоо жайларында азыркыга чейин даярдык начар. Чала тазаланган саркынды суулар көлдү көздөй агууда. Көчмө жыйындын жүрүшүндө каражаттын жетишсиздиги, ансыз экологиялык көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын экени белгилүү болду. 15 миллион сом болсо, туризм борбору болуп саналган Чолпон-Ата шаарындагы саркынды суулар толук тазаланат эле дешет. Өкмөт ушул каражатты тездетип таап бериши керек. Андан сырткары эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү зарыл”, - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан