Ысык-Көлдө жайгашкан Өзбекстандын 4 пансионаты мамлекеттин карамагына алынганы менен, алардын макамы азыркыга чейин аныктала элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-майдагы жыйынында депутат Узарбек Жылкыбаев билдирип, пансионаттарды талашкандар чыгып жатканын айтты. Аталган жайларда иштеген кызматкерлер, туристтик фирмалар эмгек акы ала алышпай жатканы белгиленди.
"Ысык-Көлдө туристтик мезгил башталып калды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду пансионаттардын макамын тезинен аныктап бериши зарыл, антпесе талаш-тартыш дагы арбыйт. Менимче, эс алуу жайларын аукцион аркылуу жеке менчикке сатуу туура болот", - дейт депутат.