Депутаттар паспорт чуусун Коррупцияга каршы кызмат иликтеши керектигин айтышты

Парламенттин 19-майдагы жыйынында депутаттар паспорт чуусун УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы иликтеши зарылдыгын айтышты. Депутат Кенжебек Бокоев бул ишке атайын көңүл бурууну өкмөткө сунуштады.

"Коррупцияга каршы кызматына тапшырма бериш керек, атайын "паспорт чыры" деп иликтениши керек. Буга чейинки паспорт, айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактылары боюнча бир дагы жетекчи жооп бере элек. Бул ишти ушул бойдон калтырып койсок, эртең кыргыз паспортунан шекшүү күчөйт. Кыргыз жарандарын чек арадан текшерүү катуулашы мүмкүн", - дейт Бокоев.

Эскерте кетсек, кечээ Түркиянын Стамбул шаарынан Кытайдын 98 жараны Кыргыз Республикасынын жасалма паспорту менен кармалганы тууралуу маалымат тараган. Фактыны териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан