Жогорку Кеңештин 19-майдагы жыйынында депутаттар тобу тарабынан демилгеленген, парламенттеги оппозицияны күчөтүүгө багытталган “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилердин айтымында, оппозициянын өз иш-милдеттерин тиешелүү түрдө аткарышын камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңештеги парламенттик оппозициянын ишинин кепилдиктерин мыйзамдык деңгээлде жазып чыгуу зарыл жана өтө маанилүү.
"Жогорку Кеңеште оппозициялык ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуу, коомдун жана мамлекеттин иш-милдеттеринде парламенттик оппозицияны, парламенттик көпчүлүктүн коалициясы менен парламенттик оппозициянын ортосундагы мамилелердин принциптерин аныктоо, парламенттик оппозициянын ишинин конституциялык кепилдиктерин мыйзамдык деңгээлде камсыз кылуу түзөтүүлөрдүн максаты болуп саналат", - дешти демилгечилер.
"Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүмкүнчүлүктөрү чектелип жатат", - деди аталган фракциядан депутат Умбеталы Кадыралиев. "КДСП фракциясы ар түрдүү маектерде "парламентте татыктуу оппозиция жок" деп бизди сындап жатат. Татыктуу оппозиция болуш үчүн бизге аспап керек", - деп Кадыралиев оппозицияга комитеттер берилбегенине нааразычылыгын билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.