СУПЕРСТАН: "Президентти ким шайлашы керек?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Президентти ким шайлашы керек?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен президентти Жогорку Кеңештин депутаттары шайлашы керек дегенге каршымын. Баш мыйзамда "бийлик ээси - эл" деп жазылган".

"Эмне үчүн эл шайлаган депутаттар президентти шайлай алышпайт? Толук парламенттик башкаруу менен жашаган өлкөлөр ошондой систем менен эле жашайт. Азыркыдай эки анжы болуштун кереги жок. 2010-жылы эле 50/50 эмес, дароо бийликти парламентке өткөрүү керек болчу. Ошондо бизде президент деген институт акырындык менен жоюлуп калмак. Анын ордуна премьердин күчтүү болуусу, ал эми премьердин коалиция тарабынан дайындалышы эң туура. Ал эми коалиция шайлоочулардын эң көп добушуна ээ болгон партиялардан куралат".

"Президентти эл гана шайлашы керек".

"Депутаттар шайласа, талапкерлер жыргашат экен да. Элге майдалап акча беришпей эле депутаттарга дүңүнөн таштап коюп, чырт түкүрүп, чиркин! Ээ, анда аукцион болсо керек. "Урматтуу талапкерлер, сиздер үчүн, бир гана сиздер үчүн беш жылда бир жолу президенттик мандатка аукцион ачык деп жарыяланат. Башталгыч баасы кеми жок баланча пул. Аукциондон түшкөн акчанын 10 пайызы кара чокойлорго жумшалат" деп".

"Эл дагы эмес, парламент дагы эмес, компьютер шайлап жатат баарын".

"Дегеле 20 жыл аралыгында президентти эл шайладыбы?" деген суроо жаралып жатат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан