“Кумтөр Голд Компани” 2016-жылдын I чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарын билдирет

"Centerra Gold Inc." ("Центерра") жана "Кумтөр Голд Компани" (КГК) 2016-жылдын I чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 86 444 унция же 2 688,7 килограмм алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 1,6 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2016-жылдын биринчи чейрегинде 86 444 унция алтын өндүрүлдү (салыштыруу үчүн: 2015-жылы ушул мезгилде 164 272 унция металл өндүрүлгөн). 2016-жылдын I чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 61 744 унция же 1,92 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 73,2 миллион долларды түздү.

"Кумтөр" кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын, “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргыз алтын” ААКы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргыз алтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргыз алтын” гана ээ.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2016-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КР Социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1,6 миллиард сомду түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2016-жылдын 3 айындагы салык жана милдеттүү которуулар

2016-жылдын 31-мартына карата

миң АКШ доллары менен

Дүң кирешеге салык

15 076,88

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым

1 159,76

Экологиялык төлөм

310,00

Кызматкерлердин кирешесине салык

1 125,93

КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр

5 056,86

Бажы төлөмдөрү

188,74

Резидент эместердин кирешесине салык

173,33

Башка салыктар жана милдеттүү которуулар

63,92

Бардыгы

23 155,42

31.03.2016-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу

70,0158

Төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен

1 621 245,46

2016-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 480-530 миңдей унция же 14,9-16,5 тонна болору күтүлүүдө.

“Кумтөр Голд Компани” толугу менен "Centerra Gold Inc." туунду компаниясы жана “Кумтөр” долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат. Толук пресс-релиз жана “Кумтөр” жөнүндө маалымат: www.kumtor.kg.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
barpy
2016-05-20 15:55:01
Бул расмий отчет, ал эми расмий отчетто корсотулбой канадалыктар менен биздин бийликтин чонтогуно кетип жаткан "левый" алтындарчы? Алар канча тонна?!.. Убагында Бакиев да алтын лабораториясын Кумтордон келген левый алтындар учун курган. Ошол лабораторияны "убактылуулардан" бироо-жарымы иштетип жаткан чыгаар...
0
marik10
2016-05-22 19:21:55
barpy,левый кеткен алтындарды кайдан билесинер? алтынды кантип чыгарат ошондой болсо? тапкан алтындын баары кыргызалтындын наамында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан