"Жогорку Кеңештин 10дон ашуун депутаты иш сапарларында болсо да, добуш берүүгө 114 депутат катталып жатат. Бүгүн жактырылган мыйзам долбоорлорун биз кийин четке каксак болот", - деп нааразычылыгын билдирди депутат Дастан Бекешев.
Вице-спикер Нурбек Алимбеков аны менен макул болуп, иш сапарда 21 депутат жүргөнүн билдирди. Андан соң Алимбеков Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерине кайрылып, жок депутаттардын компьютерлерин өчүрүүнү тапшырды.